ВИЗАНТИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИЗАНТИ́Я , В и з а н т и я и м п е р и я с ы – 395–1453-ж. өкүм сүргөн мамлекет. Алгач «Ро­мейлер империясы» деп аталган. Анын борбору Рим императору Константин I мурдагы Визан­тий колониясынын ордуна 324–330-ж. негизде­ген Константинополь ш. (1453-жылдан Стамбул) болгон. В-нын курамына Балкан ж. а., Кичи Азия, Сирия, Палестина, Египет, Киренаика, Месопотамия, Армениянын бир бөлүгү, Эгей деңизиндеги аралдар (Кипр, Крит, Родос ж. б.), Крым ж. а-нын түндүгү кирген. В. калкы ар кыл этностордон туруп, ага гректер, сириялыктар, копттор, армяндар, грузиндер, еврейлер, кичи азиялык эллиндешкен уруулар, фракиялыктар, иллириялыктар, дактар кирген. 4–6-кылымда кал­кынын саны 50 млндон 65 млнго чейин жет­кен. Ошону м-н бирге өлкөнүн аймагына башка элдер (готтор 4–5-кылымда, славяндар 6–7-кылымда, араб­дар 7–9-кылымда, печенегдер, кыпчактар 11–13-кылымда) жайгаша баштаган. 6–11-кылымда В. калкынын ку­рамына кирген этнос топторунан кийинчерээк италян эли калыптанган. В-нын экономикасын­да, саясий турмушунда ж-а мад-тында грек кал­кы чоң роль ойногон. Империянын мамл. тили 4–6-кылымда латын, 7-кылымдан В. кыйраганга чейин грек тили болгон. Империянын ири шаары, колөнөрчүлүк ж-а эларалык соода борбору бол­гон Константинополь Иран, Индия, Кытай ж. б. мамлекеттер м-н соода жүргүзүп турган. В. 4–5- к-да борбордошкон аскердик бюрократтык мо­нархияга айланган. 4-кылымдан христиан дини не­гизги дин катары кабыл алынып, 70-жылдар­дан баштап варварлар м-н мамиле жасоо масе­леси өлкөнүн тышкы ж-а ички саясатында чоң роль ойногон. Император Юстиниандын (527– 565) тушунда борбордошкон бюрократтык мо­нархия бир кыйла күчөгөн. Ал күчтүү армия түзүп, 533–534-ж. Түн. Африкадагы вандалдар мамлекетин, 535–555-ж. Италиянын Остгот королдугун, 554-ж. Түш.-чыгыш Испаниянын бир бөлүгүн караткан. Мамлекеттин түн.-чыгыш аймактарын кеңейтүү үчүн, Батыш м-н Чыгыш­ты байланыштырып келген Улуу жибек жолу­на көзөмөл орнотуу максатында Иранга каршы Түрк кагандыгы м-н аскердик союз түзөт (к. Ба­тыш Түрк кагандыгы). В-га чектеш жашаган айрым түрк уруулары В. армиясынын ката­рында кызмат өтөп, алар акырындык м-н Кичи


Азияга, Кавказга, Балкан ж. а-на отурукташа баштаган. Анын тушунда В-лык арх-ра ж-а ад-т өнүккөн. Бирок анын мурдагы Рим импе­риясын кайра калыбына келтирүү аракети ишке ашпаган ж-а кийинки урпактары бийликти узакка кармап тура алган эмес. Салыктардын оордугуна нааразы болгон эл бир нече жолу көтөрүлүшкө чыгып (эң белгилүүсү «Ника коз­голоңу»), өлкөнү бир топ алсыраткан. Натый­жада, акырындык м-н күч алып келаткан араб­дар 632–642-ж. В-нын өтө бай чыгыш провин­цияларын (Сирия, Палестина, Жогорку Месо­потамия), 693–698-ж. Түн. Африкадагы жерле­рин басып алган. 7-кылымдын аягында В-нын кара­магында Юстиниандын убагындагы өлкөнүн аймагынын 1/ инен ашпаган бөлүгү калган. Балкан ж. а-на славян уруулары 6-кылымдын аягы­нан тартып отурукташа баштап, алар 7-кылымда В-нын бир кыйла жерине: Фракия, Македония, Далмация, Грекиянын бир бөлүгүнө, ал эмес Кичи Азияга чейин жайгашкан. Калктын этнос­тук курамы Кичи Азия жагында да өзгөргөн. Анда армяндар, перстер, сириялыктар, арабдар отурукташкан. Бирок чыгыш провинцияларын тарттырып жиберген соң, В. этнос жагынан бир өңчөй өңдөнүп, анын уюткусу гректер же грек­че сүйлөгөн эллиндешкен уруулар болуп кал­ган. 7–8-кылымда админ. түзүлүшүндө маанилүү өзгөрүүлөр болуп, жаңы аскердик админ. округ­дар (фемалар) түзүлгөн. Аскердик ж-а гражд. бийлик бүт бойдон фемалык аскер командири – страдигдин колуна өткөн. Империянын согуш­тук күч-кубаты артып, арабдар ж-а болгарлар м-н болгон согуштарда ийгиликке жеткен. Ошо­ну м-н бирге константинополдук аксөөктөр м-н байланышта бийлик жүргүзгөн динчилерге кар­шы эл массасынын нааразылыгын туюнткан диний-саясий кыймыл башталып, аны провин­ция аксөөктөрү өз мүдөөлөрү үчүн пайдала­нууга умтулган. Кыймылды Исаврий династия­сынан чыккан императорлор башкарып, мо­настырь м-н чиркөө байлыктарын казынага алышкан. Императорлордун мындай саясаты провинция аксөөктөрүнүн нааразычылыгын күчөтүп, анын жамааттарга көрсөткөн кысымы каршылык күрөшүн ырбаткан, феодалдарды чочутуп, 843-ж. иконага табынууну калыбына келтирүүгө түрткү болгон. Өкмөт ж-а аскер тө­бөлдөрү динчилер м-н келишип, элдик кыймыл­ды басып турган. В-да 9-кылымдын 2-жарымы – 10-кылымда борбордошкон монархия түзүлгөн. 9-кылымдын 2-жарымынан В. шаарлары өсүп-өнүгүп, 10-кылымда аларда о. кылым шаарларына мүнөздүү бел­гилер пайда болгон. Мис., майда колөнөрчүлүк, соода-колөнөрчүлүк корпорациялары уюштуру­луп, алардын иш-аракетин мамлекет теске ген.

Өндүрүштө эркин колөнөрчү негизги роль ойно­со да, кулдуктун сакталып турушу ошол кезде­ги В. шаарларынын бир бөтөнчөлүгү болгон. 12-кылымда В. шаарларынын экономикасы начарлап, колөнөр өндүрүшү кыскарган. 9-кылымдын 2-жары­мы – 11-кылымда В-нын тышкы саясаты согуш жүргүзүүгө негизделген. Ал араб, славян, ки­йинчерээк норманн элдери м-н дайыма согушуп турган. 10-кылымдын орто ченинде В. арабдардан Жогорку Месопотамияны, Кичи Азиянын бир бөлүгүн, Сирияны, Критти, Кипрди тартып ал­ган. 1018-ж. Батыш Болгария падышалыгын ээлеп, Балкан ж. а-нан Дунайга чейин бийлеп турган. 9–11-кылымда Киев Русу м-н өзара мамиле­лер В-нын тышкы саясатында чоң роль ойно­гон. 10-кылымдын акырында Русь В-дан христиан динин кабыл алган. В-га 11-кылымдын ортосунан

Константинополь шаарынын планы. 15-кылымдын 1-жарымы. Сүрөтчүсү К. Буондельмонте. Лауренциан китепканасы (Флоренция).


тартып чыгыштан түрк-селжуктар кол салып турган. 1071-ж. селжуктар Маназкертте (Арме­ния) император Роман IV Диогендин аскерле­рин талкалап, өзүн туткунга алышкан, бирок Кичи Азиядагы айрым аймактарды берүү шар­ты м-н бошотушкан. 11-кылымдын орто ченинде нор­манндар В-нын Түш. Италиядагы ээлеген жер­лерин басып алган. 11-кылымдын 70-жылдарында бийлик үчүн күрөш күчөп, 1081-жылдан Ком­ниндер династиясы (1081–1185) сурайт. 1185-ж. Константинополдогу аксөөктөрдүн козголоңунан кийин Ангелдер династиясы (1185–1204) бийлик­ке келет. Бул династиянын тушунда В. экон. кризиске учурап, саясий бытырандылык күчөйт. Шаарлар тукулжурап, армия м-н флот начар­лап, империя бөлүнө баштайт. 12-кылымдын акы­рында В. м-н Батыштын ортосунда карама-кар­шылык күчөйт; папачылык Византия чиркөө­лөрүн рим курияларына баш ийдирүүгө, Вене­ция В-дан өз атаандаштарын – Генуя м-н Пиза-


ны сүрүп чыгарууга, «Ыйык Рим империясы­нын» императорлору В-ны багынтууга умтул­ган. Мына ушундай саясий кырдаалдардан пай­даланып, крест жортуулдарын уюштуруучулар Палестинанын ордуна Константинополду басып алууга киришкен. 1204-ж. 4-крест жортуулунун натыйжасында Константинополь багындыры­лып, В. империясы кыйраган. В-нын кресттүү­лөр басып алган жерлеринде Латын империясы (1204–61) негизделет. Кресттүүлөргө карабаган жерлерде көзкаранды эмес грек мамлекеттери: Никей империясы (1204–61), Трапезунд импе­риясы (1204–1461) ж-а Эпир мамлекети (1204– 1337) пайда болот. Латын империясына каршы күрөшүүдө Никей империясы чоң роль ойнойт. 1261-ж. Никей императору Михаил VIII Палео­лог грек калкынын колдоосуна таянып, Кон­стантинополду кайра алат да, В. империясын калыбына келтирет. Бирок, Трапезунд ж-а Эпир мамлекеттери ага кошулбай, өзалдынчалыгын сактап калган. Мамлекеттин ичиндеги өзара чыр-чатактар В-ны начарлатат да, осмон түрк­төрү 14-кылымдын башынан тартып анын айма­гын басып ала баштайт. 1354-ж. Галлиполи, 1362-ж. Адрианополь (Эдирне) басылып алынат. 1371-ж. Марицанын алдындагы жеңилүүдөн ки­йин Сербия, алардын артынан В. да түрктөргө вассалдык көзкарандылыгын тааныйт. 1402-ж. Анкаранын алдындагы түрк аскерлеринин Ти­мурдан жеңилиши В. империясынын кыйрашын убактылуу токтоткон. В-нын Батыш Европадан жардам сурап, союздаштарды издөө аракетинен майнап чыккан эмес. Анын экономикасынын төмөндөшү, карама-каршылыктардын күчөшү, Батыш Европа мамлекеттеринин ачкөздүк сая­саты осмон түрктөрүнүн В-ны жеңип алышын жеңилдеткен. Эки айлык камалоодон кийин, 1453-ж. 29-майда түрк султаны Мехмед II Фатих (Баскынчы) баштаган түрк армиясы Константи­нополду басып алып, талап-тонойт. 15-кылымдын 60- жылдарында В. – империясы жашоосун токто­туп, анын аймагында Осмон империясы түзүлөт. Византия маданияты. В. мад-ты рим, грек ж-а чыгыш мад-тынын таасиринде өөрчүп, не­гизинен диний (христиандык) мүнөздө болгон. Мад-ттын бардык тармагындагы маанилүү түшү­нүктөр м-н ойлор христиан мифологиясындагы салттуу образдар ж-а фразеология аркылуу туюнтулган. В-лыктар жердеги кудай деп им­ператордун зоболосуна сыйынышкан. Библия, о. эле антикалык классиктер ар бир адам үчүн өтө керек билимдердин жыйындысы деп эсеп­телген. Ошол себептен В-да салт-санаанын таа­сири (традиционализм) аябай күчтүү болгон. Билимдин булагы тажрыйба эмес, салт деп са­налып, эксперимент м-н ил. байкоолор анча өнүккөн эмес. В. мад-ты кубулуштарды анализ кылып карагандан көрө, системага салып илик­тегенге көбүрөөк көңүл бөлгөн. В-нын эл агар­туу системасында, илиминде, ад-тында, сүрөт өнөрүндө, үйтиричилигинде антикалык салттар басымдуулук кылган. Византиялыктар өз мад­тын адамзаттын эң бийик жетишкендиги ката­ры эсептеп, башка элдердин мад-тына таасир­ленүүдөн же аны тууроодон атайылап баш тар­тышкан. Алар 11-кылымдан баштап гана араб меди­цинасына, чыгыш ад-тына, кийинчерээк араб ж-а перс математикасына кызыга баштаган. В. мад-ты ад-т, сүрөт, дин ж. б. б-ча коңшу өл­көлөргө зор таасирин тийгизген. Айрыкча ан­тикалык мурастарды сактоодо В-нын ролу чоң болгон. 12-кылымга чейин В-да эл агартуу система­сы Европага караганда жогорку деңгээлде бол­гон. Баштапкы билим алуу мөөнөтү 2–3 жыл, орто билимди грамматик-мугалимден же чечен­дик б-ча мугалимден алышкан. Окутуунун про­граммасына орфография, граммат. нормалар, ырдын түзүлүшү, чечендик өнөр, документ даяр­доо өнөрү, философия м-н тарых кирген. 11-кылымдын орто ченинде Константинополдо чинов­никтерди даярдоочу укуктук ж-а филос. мек­тептер ачылат. В-да математиканын коомдук бедели чечендик м-н философияга караганда төмөн турган. 4–6-кылымда В-дагы математика ан­тикалык классиканы комментарийлөө м-н гана чектелип, ал эми зоология, ботаника, агроно­мия ил. жактан терең такталып жазылган эмес. В-лык медицина антикалык салтка негиздел­ген. Византиялыктар геогр. карта түзүүнү би­лишкен. В. философиясынын негизги булагы – Библия ж-а классикалык грек философиясы (Платон, Аристотель) болгон. 4–7-кылымда В. фило­софиясында 3 багыт өкүм сүргөн: 1) неоплатонизм, 2) гностицизм-манихейлик дуализм, 3) хрис­тиандык диний багыт. В. философиясы о. кы­лымдагы схоластикага, Италиядагы Кайра жаралууга, славян өлкөлөрүндөгү, Армения м-н Грузиядагы филос. ой-пикирдин өнүгүшүнө таасир тийгизген. В-нын ад-ты байыркы грек ад-тынын салтында калыптанган. Славяндар үстөмдүгү учурунда эпос, ода, эпиграмма жанр­лары өнүккөн. Ошол кездин өкүлү А. Визан­тийскийдин чыг-лары – В. ад-тынын классика­лык үлгүлөрү. В. арх-расы м-н сүрөт өнөрү ан­тикалык иск-вонун салттарын уланткан. Буга мисал – 4–5-кылымдагы Константинополь арх-расы: 4-кылымда мурдагы чиркөө базиликалары м-н кум­палуу имараттардан айырмаланган жаңы тип­теги храмдар салына баштайт. 6-кылымда зодчий­лик дүркүрөп өсөт. 9–12-кылымда анда крест-кумпа­луу храмдын тиби негизги орун ээлейт. Мис., Мирелеон чиркөөсү (10-к.), Пантократора храм комплекси (12-к.). Кресттүүлөрдүн жортуулунан кийин В. мад-ты Константинополдо ж-а Гре­кия м-н Кичи Азия аймагында кайрадан гүл­дөйт. О. кылымдагы арх. итал. зодчийликтин айрым мотивдерин өзүнө сиңирип, ренессанстык тенденциялардын калыптанышын чагылдырат (Константинополдогу Текфур-серай аксарайы,


14-к.). В. живописи өз идеяларын адамдын об­разы аркылуу билдирген. 9–12-кылымда В. живопи­синин жалпы принциптери айрым көркөм мек­тептерде иштелип чыккан. Китеп миниатюра­сында зергерлик-декоративдүү стиль үстөмдүк кылган. Миниатюраларда тарыхый адамдардын портреттери даана тартылган. 9–12-кылымдагы скульптурада рельефтүү иконалар ж-а декора­тивдүү оюулар басымдуу болгон. 13–14-к. жи­вопистин айрыкча гүлдөгөн учуру болгон. Мис., Хора монастырынын мозаикасы (Константи­нополь, 14-к.). В. музыкасы сирия (4-к.), араб (8-к.), славян ыр мад-тынын элементтерин өзүнө сиңирген. Айрыкча чиркөө ырлары өнүгүп, май­рамдарда, салтанаттуу кечелерде аспаптык му­зыка ойноо кеңири тараган. В-лык нота жа­зуунун бир нече түрү болгон: экфонетикалык (6– 8-к.), штрихтик (8–12-к.), тегерек (12–14-к.). В. музыкасы 9-кылымга чейин европ. көп өлкөлөр­дүн мад-тына таасирин тийгизген. Муз. мад­тынын жогорулашы Афон монастырынан чык­кан гимн жазуучу Иоанн Кукузелдин ишмер­дүүлүгү м-н байланышкан. В-нын мад-тынын андан ары жогорулашына түрк баскынчылы­гы чекит кой гон.

Ад. : Курбато в Г. Л. История Виз ант ии ( от античности к феодализму). М., 1984; Левченко М. В. История Византии. Краткий очерк. М.; Л., 1940; История Византии. Т. 1–3. М., 1967; Каждан А. П. Византийская культура (Х–ХII вв.). М., 1968.