ВИЗАНТИЯЛЫК СТИЛЬ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИЗАНТИЯЛЫК СТИЛЬ , в и з а н т и я л ы к о р у с с т и л и – Россияда 1830–50-ж. расмий маанидеги аксарай ж. б. курулуштар үчүн (Христ Спаситель храмы, 1837–83, Чоң Кремль дворе­ци, 1839–49, Москва, арх. К. А. Тон) кабыл алынган орус стилинин бир варианты. 16-кылымдагы Орус мамлекетинин ж-а 6–12-кылымдагы Византия империясынын арх-расындагы композициялык акценттер м-н жасалга системасынан багыт ал­ган В. с. классицизмге таандык эмес силуэтти жараткан ири мотивдери ж-а көлөмүнүн көрү­нүктүүлүгү м-н таасир калтырган. В. с. собор­лордун (мис., Киевдеги Владимир собору, 1850– 96, арх. А. В. Беретти ж. б.; Софиядагы Алек­сандр Невскийдин храм-эстелиги, 1904–17, арх. А. Н. Померанцев) ири имараттарында оймо­чиймелүү живопистик формаларга көбүрөөк ээ боло баштаган. В. с. өткөн заманды туураган авторлордун культтук ж-а тиричилик буюмда­рында да популярдуу болгон.