«ГЛОБУС»

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:01, 19 Июнь (Кулжа) 2024 карата Ayday (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«ГЛО́БУС» – Лондондогу элдик театр, 1599–1644-жылдары иштеген. «Глобусту» театрдын башкы актёру, трагик Р. Бёрбеж жетектеген. Бул жерде У. Шекспирдин жана англиялык Кайра жаралуу доорунун драматургдарынын чыгармалары коюлуп, театр өлкөдөгү бирден бир маданий борборго айланган. Театрга 2 миӊ адам баткан. Спектаклдер күндүзгү жарыкта, антракты жок жасалгасыз өтүп турган. Сахнада көшөгө болгон эмес, анын өзгөчөлүгү сахна көрүүчүлөргө жакын жайгашкан. 1613-жылы жыгачтан курулган «Глобустун» имараты күйүп кеткен жана театрды кайрадан таштан тургузушкан. 1644-жылы англис буржуазиялык революция учурунда «Глобустун» имараты башка театрлар сыяктуу эле пуритан парламентинин буйругу менен жок кылынган. 1868-жылы С. Парри Лондондо

«Глобус» театрынын галереясы (Лондон) ачылган.
1996-ж. 17-к-дагы театрдын көчүрмөсү түрүндө салынган.

ушул эле аталыш менен жаӊы имарат курган. Ал театр 1902-жылга чейин иштеген. 1996-жылы кайра курулган «Глобус» театры В. Шекспирдин «Вероналык экөө» спектаклинин премьерасы менен ачылган.
Ад.: Мюллер В. К. Драма и театр эпохи Шекспира. Л., 1925; Морозов М. Шекспир (Жизнь замечательных людей). М., 1947.