ВИКТОРИЯ (Чыгыш Африкадагы көл)
ВИКТО́РИЯ , В и к т о р и я - Н ь я н з а, У к ер е в е – Чыгыш Африкадагы көл. Танзания, Кения ж-а Уганда мамлекеттеринин чегарасында. Чыгыш Африка платформасынын тектон. ийилүүсүндө жайгашкан. Аянты 68 миң км2 (тузсуз көлдөрдүн ичинен чоңдугу б-ча дүйнөдө 2-орунда). Тереңдиги 80 мге чейин. Жээги ойдуңдуу, булуң-буйткалуу. Аралдары көп (жалпы аянты 6 миң км2дей). Көп дарыялар куят; эң чоңу – Кагера (Нилдин башаты); Виктория- Нил суусу агып чыгат. Толкун пайда кылуучу катуу шамал болуп турат. Балык кармалат (негизги промыселдик балыгы – балти). Кеме жүрөт. Негизги порттору: Энтеббе (Уганда), Мванза, Букоба (Танзания), Кисуму (Кения). Түн. жээгине жакын Уганданын борбору – Кампала ш. орун алган. В-ны Инди океанынын жээктери м-н байланыштыруучу Кисуму – Момбаса ж-а Мванза – Табора – Дар-эс-Салам темиржолу бар. Рубондо а-нда (Танзания) улуттук парк уюшулган.