ВИКТОРИЯ (Улуу Британиянын королевасы)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:20, 28 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИКТО́РИЯ (25.5.1819, Лондон – 22.1.1901, Уайт аралы, Осборн) – Улуу Британиянын королевасы (1837–1901), 1876-жылдан Индиянын императ­рицасы. Ганновер династиясынын акыркы өкү­лү. Мамлекеттик иштерде королеванын ролу анчалык жогору болбогондугуна карабастан, анын баш­карган жылдары «Виктория доору» аталып, анын тушунда Улуу Британия дүйнөдөгү индус­триялуу алдыңкы державага ж-а Британ импе­риясынын борборуна айланган. Викториянын атынан Британ империясынын курамына кирген бир нече шаар, дарыялар, аралдар аталган.