ВИБРАФОН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:58, 24 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИБРАФО́Н (лат. vibro – термелем) – урма музыкалык аспап‚ металлофондун бир түрү. 20-кылымдын ба­шында ойлоп табылган. Фортепьянонун кла­вишалары сыяктуу эки катар жайгашкан ар-түрдүү узундуктагы металл пластинкалардан турат.


Аткаруучу учу кебез же резина таякча­лар м-н пластинкаларды ургулап ойнойт. Вибрафондон жумшак‚ термелген өзгөчө добуш чыгат. Ал ор­кестрде, кээде жеке да ойнолот.