ВИДЕОМАГНИТОФОН
ВИДЕОМАГНИТОФО́Н – сүрөттөлүштү ж-а үн сигналдарын магниттик тасмага же компактдискке жазып алып, чогуусу м-н телекөрсөтүү программаларынан кайра көрсөтүүчү аппарат.


Биринчи Видеомагнитофон 1956-жылы америкалык «Ampex Corporation» фирмасы тарабынан чыгарылган. Үй тиричилик Видеомагнитофондору 1970-жылдарда пайда боло баштады. Видеомагнитофон кадимки магнитофонго окшош, бирок анда бетине видеожазуу жазыла турган сап түшүрүлгөн эндүү магнит тасмасы (эни 12,7 же 50,8 мм) пайдаланылат. Сүрөттөлүштү коштоочу үн сигналдары Видеомагнитофон дун кыймылсыз магниттик бөркү м-н тасманын бир четин бойлото жазылат. Бөрктүү дисктин айлануусу м-н тасманын бирдей синхрондуу жылышы автоматтык жөндөгүч система аркылуу аткарылат.