ВИДЕОТЕЛЕФОН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:30, 27 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИДЕОТЕЛЕФО́Н – сүйлөшкөндөрдүн үнү м-н кошо экран аркылуу өңүн көргөзүүчү байланыш­тын түрү. Видеотелефондун кабыл алуучу бөлүгүндө кинес­коп, берүүчү бөлүгүндө телекөрсөткүч түтүк – видикон болот. Экранда сүрөт ак-кара түстө көрсөтүлүп, сүрөттүн өлчөмү 25x37ден 50x75 ммге чейин жетет. Видеотелефон шаар аралык телефон станция­сынын атайын жабдылган сүйлөшүү пунктта­рына орнотулат. Телефон байланышынын бул түрү сүйлөшүү убагында сүрөттөрдү, чиймелерди ж-а схемаларды көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.