ВИДЕОФИЛЬМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:35, 27 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИДЕОФИ́ЛЬМ – видеомагнит тасмасына жа­зылган фильм. Телекөрсөтүүдө 1970-жылдарда пай­да болгон. Видеофильм жанры ар түрдүү: көркөм, илимий-попу­лярдуу, даректүү-публицистикалык, хроникалуу ж. б. фильм­дер. Телеэкрандын келечеги Видеофильмдин өнүгүшүнө бай­ланыштуу. Кинофильмдерге салыштырганда Видеофильм эстетикалык, технологиялык өндүрүш аспектисинде (көп камералуу тартуу ыкмасы, электрондук мон­таж, ар түрдүү татаал кадрлар көп кайталанган жазууну пайдалануу үчүн колдонулган магнит плёнкасы ж. б.) айырмачылыктар бар.