ВИДУГИРИС
ВИДУГИРИ́С Альгимантас -Cтанисловас Cтасевич (21.6.1936-жылы туулган‚ Литва CCРи, Каунас) – кинорежиссёр‚ Кыргыз CCРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер (1974), Кыргыз CCР эл артисти (1983). Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтун (ВГИК) бүтүргөн (1962).

Чыгармачылык иштери «Кыргызфильм» студиясы м-н байланыштуу. Анын «Кумдагы сепилдер» фильми (1968) Орто Азия ж-а Казакстан кинематографисттеринин кароосунда 1-даражадагы дипломго (Фрунзе‚ 1968)‚ кыска метраждуу фильмдердин эл аралык фестивалынын сыйлыгына (Тампер‚ 1970) ж. б. татыктуу болгон. Токтогул ГЭCинин курулушу жөнүндө «Нарын күндөлүгү» даректүү фильми (1971) 3- эларалык кинофестивалда Гран-при сыйлыгына татыган (Франция‚ 1974). «Көз айнекчен» түстүү көркөм телефильми (1973)‚ «Бул кырсык эмес» (1970)‚ «Адам‚ Дөңгөлөк жана Чынар» (1975)‚ «Тынчы жок күн жылы» (1977) ж. б. фильмдери белгилүү.