ВИЗАНТИЯЛЫК СТИЛЬ
ВИЗАНТИЯЛЫК СТИЛЬ , в и з а н т и я л ы к о р у с с т и л и – Россияда 1830–50-жылдарда расмий маанидеги аксарай ж. б. курулуштар үчүн (Христ Спаситель храмы, 1837–83, Чоң Кремль двореци, 1839–49, Москва, архитектор К. А. Тон) кабыл алынган орус стилинин бир варианты. 16-кылымдагы Орус мамлекетинин ж-а 6–12-кылымдагы Византия империясынын архитектурасындагы композициялык акценттер м-н жасалга системасынан багыт алган Византиялык стиль классицизмге таандык эмес силуэтти жараткан ири мотивдери ж-а көлөмүнүн көрүнүктүүлүгү м-н таасир калтырган. Византиялык стиль соборлордун (мисалы, Киевдеги Владимир собору, 1850– 96, архитектор А. В. Беретти ж. б.; Софиядагы Александр Невскийдин храм-эстелиги, 1904–17, архитектор А. Н. Померанцев) ири имараттарында оймо чиймелүү живопистик формаларга көбүрөөк ээ боло баштаган. Византиялык стиль өткөн заманды туураган авторлордун культтук ж-а тиричилик буюмдарында да популярдуу болгон.