ВИЛЬСОН КАМЕРАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИ́ЛЬСОН КАМЕРАСЫ – заряддуу бөлүкчө­лөрдүн кыймыл издерин байкоого ылайыктал­ган прибор. 1912-ж. англ. физик Ч. Вильсон түзгөн. Анын иштөө принциби өтө каныккан буунун конденсацияланышына, б. а. заряддуу бөлүкчөлөрдүн өткөн жолунда майда суу там­чыларынын пайда болушуна негизделген. Ион­дордо тамчы пайда кылуучу өтө каныккан буу­нун чоңдугу буунун табиятына ж-а иондун за­рядына көзкаранды болот. Алсак, суу буусу көбүнчө терс иондордон конденсацияланса, этил спиртинин буусу оң иондон конденсацияла нат.

Өтө каныккан буу камеранын көлөмүн бат ке­ңейтип, темп-ранын кескин төмөндөшүнүн на­тыйжасында пайда болот. В. к. негизинен эле­ментардык бөлүкчөлөрдүн ж-а космос нурлары­нын физикасын изилдөөдө колдонулат.