ВИНДЗОРЛОР ДИНАСТИЯСЫ
ВИНДЗОРЛОР ДИНАСТИЯСЫ – 1901-жылдан такка келген англ. королдор династиясы (тектүү немецтик Кобург тукумунан тараган, ошондуктан 1901-жылдан Саксен-Кобург-Гот, 1917-жылдан В. д. аталган). Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда антигермандык маанай күчтүү болгондуктан, королева Виктория м-н немис принци Альберт Саксен-Кобург-Готскийдин никелешүүсүнө байланышкан немистик титулдарын король Георг V алып салууну чечкен. В. д. аталышы узак убакыт бою британдык монархтардын резиденциясы болуп келген Беркширдеги Виндзор сепилинин атынан аталган. Өкүлдөрү: Эдуард VII, Георг V, Эдуард VIII, Георг VI. Учурда башкарып жаткан королева Елизавета II (1952-ж. такка отурган) В. династиясынын акыркы өкүлү болуп саналат, анын уулдарынын биринин такка келиши м-н жаңы династиянын башкаруусу башталат.