«ВОЯДЖЕР»

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«ВО́ЯДЖЕР» (англ. Voyaqer – саякатчы) – Күн системасынын алыскы планеталарын изилдөөчү амер. космостук аппараттар сериясы. Масса­сы 733 кгдай «В.-1» ж-а «В.-2» аппараттары 1977-ж. учурулган. «В.-1» – Юпитерди, Сатурн­ду (1979–80), ал эми «В.-2» – Юпитерди, Сатурн­ду, Уранды, Нептунду (1979–89) учуп бара жат­кан траекториясынан изилдөө жүргүзгөн. (Сү­рөтү 543-бетте).

«Вояджер-1» (сарыкызыл траекторияда); «Вояджер- 2» (кызыл траекторияда).