ВИННИПЕГ (шаар)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:00, 28 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page ВИННИПЕГ to ВИННИПЕГ (шаар)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИ́ННИПЕГ – Канаданын түштүгүндөгү шаар. Манитоба провинциясынын административдик борбору. Кал­кы 632,9 миң (2006). Ред-Ривер ж-а Ассинибойн дарыяларынын кошулган жеринде жайгашкан. Ири жол­дор тоому (шаар аркылуу трансканада темир ж-а автомобиль магистралдары өтөт). Эл аралык аэропорту бар. Шаар 1873-жылы негизделген. Виннипег – билим берүүчү ири борбор. Университеттер, музейлер (анын курамында планетарий), заманбап искусст­во галереясы ж. б. бар. Театрлар (анын ичинде Виннипег ко­роль балети, 1939; Манитоба театр борбору ж. б.) иштейт. Жыл сайын театр фестивалы өткөрүлөт. Этностук маданий борборлору (украина, индей, кытай, еврей ж. б.) бар. Виннипег – өлкөнүн дан эгиндүү аймагынын ири борбору «буудай борбо­ру» – Виннипег дан биржасы (өлкөдөгү жал­гыз, Түндүк Америкадагы ири), Канада эгин комитети­нин, Буудай өндүрүүчүлөрдүн бириккен ассо­циациясынын штаб-квартираларын камтыйт. Айыл чарба машиналарын куруу өнүккөн. Нефть ажы­ратуу, полиграфия, тигүү (фермерлер үчүн жумушчу кийим), тамак-аш (эт, сүт, ун, кондитер азык­тары, пиво кайнатылат) өнөр жай ишканалары иштейт.