ВИННИЦА
ВИ́ННИЦА – Украинанын түштүк-батыш бөлүгүндөгү шаар, Винница облусунун административдик борбору. Калкы 351 миң (2006). Днепр бою дөңсөөсүндө, Түштүк Буг дарыясынын боюнда жайгашкан. Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Алгач 1362- жылдан Литва чеби катары эскерилет. 1569-жылы Люблин униясы боюнча Польшанын, 1793-жылы Россиянын курамында болгон. Киев – Балтика темир жолунун курулушунан кийин Виница ири соода борборуна айланган. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде катуу талкаланган. Жыгач чиркөөлөр, иезуиттер (17-кылым), доминикчилер (18-кылым) ж-а капуциндер (18-кылым) монастырлары сакталган. Ю. А. Гагарин атындагы аянт ансамбли, Н. И. Пироговдун бальзамдалган сөөгү коюлган чиркөө-мавзолей, 9 илим-изилдөө институту, университеттер, китепканалар, музейлер, музыкалуу-драма, куурчак, камералык театрлар бар. Машина куруу (трактор, комбайндарга тетиктер), химия (лак-сыр материалдары, синтездик кир жуучу каражаттар ж. б.), жеңил, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт.