ВИНОГРАДОВ Виктор Сергеевич
ВИНОГРА́ДОВ Виктор Сергеевич [26.2(10.3). 1899, Калуга губерниясы, Истикс кыштагы – 5.10.1993, Москва] – музыка изилдөөчү, Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери (1957). 1921-жылдан РСФСР композиторлор союзунун башкармасынын ж-а ЮНЕСКОнун элдик музыка боюнча эларалык кеңешинин мүчөсү.

Виноградов Москва консерваториясынын теория ж-а композиция факультетин бүтүргөн (1922–29). Ал 300гө жакын макаланын ж-а ондон ашык китептин автору. Виноградовдун «Советтик Кыргызстандын музыкасы» (1939), «Токтогул Сатылганов жана кыргыз акындары» (1952), «Кыргыз эл музыкасы» (1958), «Атай Огонбаев» (1960), «Муратаалы Күрөңкөев» (1962), «Токтогулдун музыкалык мурасы» (1960) аттуу чыгармалары, кыргыз элдик ж-а профессионал музыкасынын өсүш жолуна, тарыхына, айрым музыканттардын чыгармачылыгына арналган. Ал казак, өзбек, тажик, түркмөн ж-а азербайжан элдеринин вокалдык ж-а аспаптык музыкасы жөнүндөгү эмгектердин автору. Виноградов кыргыз музыкасы жөнүндө 1938-жылдан жаза баштаган. Анын эмгектери немец, араб, француз, англис, болгар, чех ж. б. тилдерге которулган, чет элдик музыка изилдөөчүлөр Виноградовдун эмгектерине жогору баа берген. Бир топ эл аралык жыйындарда кыргыз музыкасы жөнүндө мазмундуу докладдарды жасаган. Алардын айрымдары АКШдан, Лондондон чыгуучу бюллетендерге басылган (1965). Виноградовдун редакторлугу м-н 1957-жылдан «Союздаш республикалардын музыканттары жана музыкасы» деген сериялык китепчелер чыккан. Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1967). Эмгек Кызыл Туу ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.
Ад.: Алагушов Б. Кыргыз музыкасынын чалгынчысы. Ф., 1969.