ВИТРАЖ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИТРА́Ж (фр. vitrage, лат. vitrum – айнек) – орнаменттүү же сюжеттүү жасалга композиция­сы. Ал түрдүү түстөгү айнектерден же жарык өткөргүч материалдардан жасалып, терезе, эшик ж. б. бош жерлерге ж-а өзүнчө панно түрүндө орнотулат. Курулуш практикасында имарат маңдайынын туташ айнектелиши В. деп аталат.

М. Шагал. «Моисей, Давид жана Иеремия». Мецеде­ги Сент-Этьенн соборундагы витраж. 1960.


13–14-кылымда готика соборлорунда майда ж-а ар түрдүү формадагы коргошун м-н бири бирине бекитилген В-дар коюлган. 20-кылымда кум бүрккүч аппараттардын жардамы м-н иштетүү, ойдуруу, гравирлөө ыгы В. жасоо практикасына кеңири кирди. Арх-ранын өнүгүшү В-дын көркөм ж-а жаңыча чечилишине мүмкүнчүлүк түзү үдө.

Ад.: Минухин Е. Витражи. Рига, 1959.