ВИЦИН
ВИ́ЦИН Георгий Михайлович (23.4.1918, Петроград – 22.10.2001, Москва) – орус актёру, СССР эл арт. (1990). Вахтангов атн. театр окуу жайында, МХАТтын алдындагы студияда оку ган.
Г. М . Вицин

1937-жылдан Ермолова атн. театрда, 1969-жылдан Киноактёрлор театр-студиясында иштеген. В. – комедиялык ж-а курч мүнөздөгү актёр. 1945-жылдан киного тартылган. «Көлөкө», «Жазындагы жомок» (экөө тең 1972-ж.) телефильмдеринде чебер ойногон. Реж. Л. И. Гайдайдын «Эң олуттуу» (1961), «Самогончулар» (1962), «Операция “Ы” жана Шуриктин башка жоруктары» (1965), «Кавказ туткуну» (1967) кинокомедиясында коркоктун образын өтө чыг-лык м-н түзгөн. Кинодогу башка ролдору: Н. В. Гоголь («Композитор Глинка», 1952; «Белинский», 1953), Эндрю сэр («Он экинчи түн», 1955), Каррасио («Дон Кихот», 1957), Сэм («Ишкер адамдар», 1963), Бальзаминов («Бальзаминовдун үйлөнүүсү», 1965), Хмырь («Жолдуу сыпайы», 1972), Сахар («Көк чымчык», 1976, сов.-амер.), Тахво Кекконен («Ширеңке издеп», 1980, сов.- фин.), Фонди-Монди («Колуңду көтөр!», 1981) ж. б. 80ден ашуун анимациялык фильмдерге үн кошкон. А. Пазылов.