ВЕТЕРИНАРИЯ-САНИТАРИЯЛЫК КӨЗӨМӨЛ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕТЕРИНА́РИЯ-САНИТАРИЯЛЫК КӨЗӨМӨЛ – мал чарбачысында, жаныбардан алын­ган прокдуцияны ж-а сырьёну кайра иштетүүчү өнөр жайда, аларды ташууда, сатууда, жаныбар­ларды ж-а алардан алынган продукцияны экс­порттоодо ж-а импорттоодо ветеринария-санитариялык норма ж-а эрежелердин сакталуусун байкоочу орган. Ошондой эле ошол продукциялардын санитариялык сапатына да жооп берет. Ветеринария-санитариялык көзөмөлүнүн ветеринариялык адистери өзүнө караштуу объектилерди такай көзөмөлгө алат. Анын натыйжасында тиешелүү эрежелерге тая­нып норманын чегинен чыккан продукциялар­дын абалын ж-а сапатын аныктайт. Бул көзө­мөлгө эт ж. б. тамак-аш продуктуларын изилдөө ветеринариялык закон талап кылгандай ар бир жаныбар­дан алынган продукцияны текшерүү, тамак-ашка колдонууга мүмкүн болбогон ж-а адамга зыян­дуу продукцияларды ж-а сырьёну конфискация­лоо, жок кылуу, утилдөө ж-а зыянсызданды­руу иш-чараларын уюштуруу кирет. Мал чарба­сында Ветеринария-санитариялык көзөмөлдөөнүн негизги ролу курулуш ка­ражаттарын же өндүрүш объектилерин колдон­боо жөнүндө тыянак берүү; жагымсыз тоют ж-а суу­ну колдонууга тыюу салуу; мал ташуу ж-а мамлекеттик чек арадан чыгаруу же чыгарбоо боюнча чечим ка­был алуу, тиешелүү ылаңдарга шектүү деп эсеп­телген зонадан мал продукциясын ж-а сырьёну ташуу ж-а колдонуу иш-чараларын иштеп чы­гуу ж-а көзөмөлдөө. Бул көзөмөлдү атайын ветеринария-санитариялык ишканалардын ветеринар адистери жүр­гүзөт. Ветеринария-санитариялык көзөмөл ветеринария-санитариялык эрежелерди бузган та­рапты административдик жоопко тартуу укугуна ээ. Ветеринария-санитариялык көзөмөл санитардык эпидемологиялык кызмат м-н бирдикте иш жүр­гүзөт. А. Ш. Иргашев.