ВОКЗАЛ ИМАРАТТАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВОКЗА́Л ИМАРАТТАРЫ (англ. Vauxhall – Лондондогу көңүл ачуучу бактын атынан)— жүргүнчүлөрдү тейлөөчү имарат же имараттар комплекси. В. и. автовокзал, аэровокзал, темир­жол вокзалы, деңиз вокзалы ж-а дарыя вокза­лы болуп бөлүнөт. Магистралда жайгаштыры­лышы б-ча акыркы же аяккы, түйүндүү, ара­лык, транзиттик; жүргүнчүлөрдү тейлөөгө жа­раша – алыскы, жерг., шаар айланасына кат­тоочу, эларалык деп аталат. В. и. негизинен тө­мөнкүлөрдөн турат: вокзал алдындагы аянт, жүргүнчүлөр залы, касса, перрон, почта, кыз­матчылар бөлмөлөрү, буфет, ресторан ж-а мей­манкана. Жүргүнчүлөрдү тейлөө иши – билет сатуу, жүктөрдү кабыл алуу ж-а кайра берүү, кол жүктөрүн сактоо, транспорттун келип, кетүүсүн өз убагында жарыялап туруу ж. б. Транс­порттун бир нече түрлөрүн бир убакта пайдала­нуучу жүргүнчүлөр үчүн атайын бириктирилген вокзалдар курулат. Алгачкы В. и. 1822–25-ж. Стоктон – Дарлингтон (Англия) линиясында те­миржол б-ча жүргүнчүлөрдү ташуу учурунда курулган. 19-кылымдын башында ж-а 20-кылымдын аягында В. и-н куруу ири шаарларда тездик м-н өнүгө баштаган. Бириктирилген В. и. шаар­дык транспорттун кыймылын азайтып, транс­порттук ж-а инженердик коммуникацияларды ж-а толук баалуу, өнүккөн арх-ралык ансамбл­ди курууну жеңилдетет. Кырг-нда темиржол вокзалдары ж-а автовокзалдар гана бар.

Бишкек темиржол вок­залы.