ВИБРИОНДОР
ВИБРИОНДОР (лат. vibro – термелем, ийрилем) – үтүр сымал ийрейген кыска таякча түрүндөгү бактериялар. Алардын эки учунда куйрукчалары болгондуктан, абдан тез кыймылдашат. Жаратылышта Вибриондордун түрлөрү көп, алардын көпчүлүгү зыянсыз; ачык сууда, көлмөдө, топуракта, ичегиде жашайт. Патогендүү түрлөрү жаныбарларда вибриоз, кишиде холера ооруларын козгойт, к. Вирустар.