ВИДЕОЖАЗУУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:49, 28 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИДЕОЖАЗУУ (видео... жана жазуу) – сү­рөттөлүштү, радиолокациялык жана башка сигналдар­ды видеомагнитофондун жардамы менен телеви­зордун экранынан, компьютердин мониторунан кайрадан көрсөтүү үчүн магнит тасмасына же кинопленкага жазып алуу. Сигналдар дискке термопластикалык жана механикалык ыкма менен жазы­лат. Телекөрсөтүүдөгү Видеожазуу – даректүү жана көркөм программаларды көпкө сактоонун негизги жол­дорунун бири. Сигналдарды киноплёнкага жа­зып, ал плёнканы өңүнө чыгарып, көбөйтүп басып чыгарганга жана монтаждаганга караган­да видеомагнитофонго Видеожазуу программадагы берүү­лөрдү бүтүндөй же анын айрым бөлүгүн көрсө­түүгө мүмкүндүк берет. Магниттик плёнкадагы жазылган сүрөттөлүштөрдү бир нече жолу өчүрүп, кайрадан жаңы сигналдарды жазууга болот. Видеожазуу спектри телеберүүлөр системасында 50 Гц— 6,5 МГц, фототелеграфтык түзүлүштө 80 Гц— 6 кГц, радиолокациялык системаларда 50 Гц — 10 Мгц.