ВХУТЕИН
ВХУТЕИ́Н , Ж о г о р к у к ө р к ө м т е х н ик а л ы к и н с т и т у т – 1926–30-жылдардагы Москва жогорку көркөм сүрөт окуу жайы. В. Вхутемастын жолун жолдоп, ордун баскан ж-а көп учурда анын антиреалисттик практикасын уланткан. Керектүү реалисттик устаттыкка жетиш үчүн В-ди бүткөн таланттуу сүрөтчүлөр өзалдынча билимдерин өркүндөтүш көн.
В. 1930-ж. жоюлган. Анын базасында Ленинградда (азыркы Санкт-Петербург) көркөм сүрөт ин-ту (1944-жылдан Живопись, скульптура ж-а арх-ра ин-ту) ж-а Москвадагы арх-ра ин-ту негизделген.