ВИТАЛИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИТАЛИ́ЗМ (лат. vitalis – жашагычтык, ти­рүү) – жандуу жаратылыштын жансыз та­быяттан сапаттык айырмаланышы ж-дөгү, жа­шоонун жүрүшүн жансыз дүйнөнүн күчтөрүнө ж-а закондоруна кошууга болбой тургандыгы ж-дөгү, тирүү денелерде жансыз заттарда жок, өзгөчө факторлордун бар экендиги тууралуу окуу, же жандуу организм маңызында тирүүлүк деген материалдык эмес, табыйгаттан тышкар­кы өзгөчө бир кудурет нерсе жашоонун бардык көрүнүштөрүн башкарып турарын тааныган ж-а жактаган агым. Филос. В. (Платон, Ф. В. Шел­линг, А. Бергсон) ж-а ил.-табигый В. деп айыр­малашат. Айрыкча, ил.-табигый В. жашоо ара­кеттерин, тирүүлүк ишин бүт бойдон жансыз жаратылыштын күчтөрү м-н закондоруна алып барып такаган механицизмге карама-каршы турат. Өз кезегинде В. биологиянын ж-а пси­хологиянын бир катар тармактарына [эмбрио­логияда морфотектик (морфогенетикалык) та­лаалар теориясы, гештальтпсихология] таасир көрсөткөн, о. эле жаңы агымдарды (органицизм, холизм ж. б.) жаратты. Биол. себептүүлүк те­гине карата механисттик көзкарашты сынга алгандыгын В-дин эң күчтүү жагы катары бар­дык агымдардын өкүлдөрү баалашат. Себептүүлүк б-ча биология ж-а физика илимдеринде алда канча кеңири, механисттик эмес көзкараштар бекемделип, азыркы замандагы эң татаал, өзүн­өзү уюштуруучу системалап кароонун өнүгүшү м-н, В. өз таасирин жоготту.