ВИРУСТУУ ГЕПАТИТ
ВИРУСТУУ ГЕПАТИ́Т , б о т к и н о о р у с у – боорду жабыркатуучу катуу кармаган жугуштуу оору. Аны 2 түрдүү вирустар (А ж-а В) козгоп, бири жугуштуу гепатит, экинчиси кан сары суу гепатити деп аталат. 1888-жылы С. П. Боткин бул оорунун жугуштуу экенин айткан. Оорулуу заңы м-н вирус бөлүп чыгарып, айлана чөйрөнү булгайт. Оорунун пайда болушуна тазалыктын жоктугу, жеке гигиенаны сактабоо себеп болот. Оорунун козгогучу дени соо кишиге вирус м-н булганган тамак-аш, сүлгү, оюнчук, идиш-аяк, кир кол, чымын-чиркей, чала стерилденген медициналык аспаптар аркылуу, Вирустуу гепатит м-н ооруган донордон алынган канды же плазманы куйганда кан сары суу гепатити жугат. Вирус соо кишиге жуккандан кийин 3–6 жумага, кээде 1 жылга чейин оорунун белгиси байкалбайт (инкубациялык – жашыруун мезгил). Оору башталганда адамдын алы кетип, тез чарчайт; тамакка табити тартпайт, ооздун ичи ачуу даамданып, кекирет, окшуп кусат, ичи ооруйт, өтүшү да мүмкүн. Кээде башы ооруп, чүчкүрүп, мурун бүтүп, жөтөлөт, булчуңдар, муундар ооруйт, эти ысыйт (кээде 39–40°Сге жетет); заара пиво же коюу чайдын өңүнө окшоп, заңы бозоруп, агыш тартат. Андан кийин көздүн агы, дене саргарат, боор ж-а көк боор чоңоёт. Дарылоо ооруканада врачтын көзөмөлүндө жүргүзүлөт. Мүнөздөп тамактануу, витаминдүү, углевод, белок заттарга бай тамак-аш жеп, суусунду (жемиш ширеси, глюкоза, бал кошулган суу, компот) көп ичүү талапка ылайык. Вирустуу гепатиттин алдын алууда оору кишини эрте ооруканага жаткырып, турак жайга дезинфекция жүргүзүлөт. Оорулуу м-н бирге болгондор медициналык көзөмөлдө болот. Жеке гигиенаны сактоо, донорлорду жакшылап текшерүү, медициналык аспаптарды абдан стерилдөө талапка ылайык. Эгерде режимди туура, так сактабаса оору кабылдап, циррозго (боордун катышы) айланып кетүүсү мүмкүн.