БАЗАР-КОРГОН СУУ САКТАГЫЧЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:22, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_1-69_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЗАРКОРГОН СУУСАКТАГЫЧЫ Жалалабат обл-нун Базаркоргон р-нундагы Кайырма кыш-на жакын жерде 1961-ж. курулган. Карүңкүр суусу куят. Аянты 2,67 км, сыйымдуулугу 22,5 млн м3, анын 20,08 млн м3 суусу сугатка пайда­ланылат. Плотинанын бийикт. 25 м, уз. 2400 м. Суу чыгымы орто эсеп м-н 7 м3/сек. Кырг-ндын Жалалабат обл-нун ж-а Өзбекстандын айрым р-ндорунун 18 миң га жерин суу м-н камсыз кылат. Суу сактагычка суу куйган каналдын уз. 11,1 км (суу чыгымы 0,8 м3/сек) ж-а суусакта­гычтан суу агып чыккан каналдын уз. 6,9 км дей (суу чыгымы 6,9 м3/сек).