БАЗАРОВ Геннадий

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:22, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_1-69_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЗАРОВ 1 Геннадий Садырович (14. 5. 1942-ж. т., Нарын обл., Атбашы р-ну, Атбашы айылы) - кинорежиссёр, сценарист, КРдин эл арт. (1991), КРдин иск-вого эмг. сиң. ишмери (1974). 1966-ж. Москвадагы Бүткүл союздук мамл. кинематография ин-тун бүткөн. Эмгек жолун 1959-ж. «Кыргызфильм» киностудиясында баш­таган. 1967-ж. «Саманчы жолу» фильмин дип­ломдук иши катары тарткан. «Буктурма» (X. Булатов, Дегальцев, А. Шаршенова, 1966), «Көчө» (М. Гапаров, 1973), «Биринчи» (Г. Базаров, Л. Дядюченко, 1984), «Көз кареги» (Л. Дя­дюченко, 1975), «Каныбек» (К. Өмүркулов, К. Жан­төшевдин романы б-ча), «Айың» (1989), «Ано малия» (1991), «Карагыз» (2005) ж. б. көркөм фильм­дерди ж-а «Антракт» (1994), «Түндө» (1995), «Ис­кусство жөнүндө баян» (1974), «Жазуучу» (1980), «Чыңгыз Айтматов» (1980) кыска метраждуу новелла­ларды, даректүү фильм­дерди ж. б. тарткан. Мад-т ж-а иск-вонун ишмерлери А. Токомбаева, Н. Байтеми-

ров, А. Темирова, Г. Ажыбекова ж. б. ж-дө портрет галереясын түзгөн, повесттери да бар. Акыр­кы жылдарда Кыргыз телерадиокомпаниясын­да иштеп, автордук «Альтернатива» программасын алып барат. «Ардак Белгиси» ордени м-н сыйланган.