БАЗАРТУРУК
БАЗАРТУРУК - Нарын обл-нун Жумгал р-нундагы кыштак. Жаңарык айыл өкмөтүнө караштуу. Базартурук суусунун боюнда, деңиз деңг. 2470 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Чаек кыш-нан 45 км чыгыш тарапта. Балыкчы темиржол бекетинен 135 км. Калкы 1477 (2005); негизинен мал чарбасында ж-а дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп бар.