БАЙБИЧЕНИН СООРУСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:22, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_1-69_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙБИЧЕНИН СООРУСУ - Кыргыз Алатоосу­нун түн.-чыгыш четиндеги тоо. Чыгыштан батышка 18 кмге созулат, туурасы 3-5 км. Орт. бийикт. 1700-2000 м, эң бийик жери 2254 м. Түзүлүшү б-ча горст-антиклиналь. Түш. капталы тик ж-а чолок, түндүгү жантайыңкы. Үстү жон сымал келип, байыркы денудациялык рельефтен турат. Түн. бетин ж-а жонун шал­баалуу талаа, чыгыш ж-а түш. капталдарын кур­гак талаа ландшафттары ээлейт. Түндүгүндө Бөрүбай, түштүгүндө Желаргы өрөөндөрү жай­гашкан.