БАЙДАМТАЛ ЗАКАЗНИГИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:22, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_1-69_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙДАМТАЛ ЗАКАЗНИГИ - Ысыккөл обл-нун Тоң р-нундагы ботан. корук аймак. Боом капчыгайында, Чүй д-нын боюнан (Көкмой­нок кыш-нан Байдамтал суусуна чейин) орун алган. Аянты 20 га. Сейрек учуроочу ж-а реликт чөп өсүмдүктөрү - шобер ж-а сибирь боз коңорчогун коргоо ж-а көбөйтүү максатында уюшулган.