БАЙКАЛ БҮКТӨЛҮҮСҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:22, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_1-69_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙКАЛ БҮКТӨЛҮҮСҮ - тоотек катмарлары­нын рифейден кембрийдин башталышына че­йинки мезгилде бүктөлүүгө дуушарланган тоолуу аймак. 1932-ж. орус геологу Н. С. Шатский алгач бөлгөн; кийин Б. б-нүн башкы фазасы (учуру) венддин башталышынан кембрийге че­йинки (350-650 млн) мезгил катары такталган. Байкалиддер Орус платформасын түндүгүндө Тиманга чейин жээктеп, Сибирь платформасында - Турухан зонасын, Енисей токолтоосун ж-а Чыгыш Саянды, Байкал тоолуу облусун кур­чап өнүгөт. Алар Индстанда, Араб ж. а-нда, Жакынкы ж-а Ортоңку Чыгышта, Батыш Европада, альп структураларынын пайдубалдары көтөрүлгөн жерлерде, герциниддердин ичинде­ги Ортоңку массивдер катары таралат.