БАЙЛАНЫШ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:22, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_1-69_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙЛАНЫШ ф и л о с о ф и я д а - мейкиндик­те ж-а мезгилде бөлүнүп жашаган көрүнүшгөрдүн өзара шартташы. Адамдын таанып-билүүсү нер­селерге тикеден-тике тиешелүү болгон туруктуу байланыштарды ачып көрсөтүүдөн башталат. Ал эми илимдин негизи анын себеп, натыйжала­рын талдоодон башталат, ал аркылуу мыйзам­ченемдүүлүктөрдү таап берүүгө мүмкүн болот. Таанып-билүүнүн тарыхында нерселердин ж-а көрүнүштөрдүн өзара жалпы Б. принциби диа­лектиканын негизги жоболорунун биринен, бирок 20-к-га чейин талкуунун негизги өзөгү өз­алдынча Б. түшүнүгү же анын логикалык түзү­лүшү тууралуу эмес, дал ошол өзара жалпы Б. принциби катарында болуп келген. Илим ички ж-а тышкы көрүнүш, зарылчылык ж-а ко­кустук, негизги ж-а негизги эмес деген өңдүү анын тар чөйрөсү м-н иш жүргүзүп келген. 19- 20-к-да коомдук, табигый илимдердин өнүгүшү м-н катар түшүнүк бир кыйла кеңейди. Б. Солтонбеков, Ж. К. Асанов.