БАЙЛАНЫШ КАБЕЛИ
БАЙЛАНЫШ КАБЕЛИ - сигналдарды электр же оптикалык түрдө өткөрүүчү зым. Ал аркылуу телеграмма ж-а фототелеграмма, телефон аркылуу сүйлөшүүлөр, телекабар, статистикалык маалымат, телемех. системанын сигналдары берилет. Б. к. симметриялуу ж-а коаксиалдуу конструкцияда; берилүүчү жыштык спектри б-ча - төмөнкү (10 кГц тен кичине) ж-а жогорку (10 кГц тен чоң) жыштыктагы; колдонуу тармагына жараша - алыскы (шаар аралык) ж-а жерг. кабель болуп, асма, жер ж-а суу астына орнотулат. Линиянын ток өткөрүүчү бөлүгүнүн диаметри 0,3-1,6 мм жез зымдан жасалып, изоляцияланган зымдары экиден (бир тизмек) ж-а төрттөн (эки тизмек) чыйратылат. Симметриялуу Б. к-ндеги түгөйлөш зымдын саны 1-3600гө (тажрыйбалык керме 4800гө), коаксиалдуу Б. к-нде 2-20га жетип, түгөйлөш ар бир керме б-ча 3600гө жакын телефондук сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.