БАЙЛАНЫШКАН СИСТЕМАЛАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:22, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_1-69_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙЛАНЫШКАН СИСТЕМАЛАР - эки же ан­дан көп эркин даражага ээ термелүүчү системалар жыйындысы. Алар бири-бири м-н өзара аракеттенишет ж-а ар бири бирден эркин дара­жалуу болот. Мындай системага бир же бир нече термелүү контурлары кирет. Аларда бири-бири м-н байланыш болгондуктан, термелүү ж-а энергия бир контурдан экинчи контурга өтөт. Андагы байланыш жалгыз контурга салыштыр­малуу резонанстык кубулуштун мүнөзүн өзгөр­төт. Б. с-да качан сырткы таасирдин жышты­гы бүткүл системанын өздүк жыштыгынын бирине дал келгенде резонанс пайда болот. Мис., эки контурдан турган Б. с-да резонанс эки ар кандай жыштыкта пайда болот.