БАЙЛАНЫШТЫН ИНТЕГРАЛДЫК САНАРИП ТАРМАГЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:22, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_1-69_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙЛАНЫШТЫН ИНТЕГРАЛДЫК САНАРИП ТАРМАГЫ - сигналдарды экилик санарип түрүндө кабыл алуучу, таратуучу ж-а иштеп чыгуучу байланыш тармагы. Ал электрондук интегралдык микросхемалардын негизинде түзүлгөн. Интегралдык микроэлектроника бир жарым өткөргүч кристаллында ар кайсы электрондук функциялык элементтерди өтө тыгыз жайгаштыруу принцибине негизделген. Азыр­кы интегралдык микроэлектроникадагы, компьютер техникасындагы, спутник радио байла­нышындагы өсүш, аналог (үзгүлтүксүз) байла­нышынан кыйла ишенимдүү санариптик бай­ланышка өтүүгө шарт түздү. Натыйжада санариптик телефон байланышы, санарип телекер­сөтүүсү, бүткүл дүйнөлүк интернет тармагы ке­ңири жайылтылды.