БАЙМАК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:22, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_1-69_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙМАК - Жалалабат обл-нун Алабука р-нун­дагы кыштак. Т. Балтагулов айыл өкмөтүнө ка­раштуу. Касансай суусунун жээгинде, деңиз деңг. 740 м бийиктикте жайгашкан. Райондун бор­бору Алабука кыш-нан 15 км түш. тарапта. Наманган темиржол бекетинен (Өзбекстан) 53 км. Калкы 1841 (2003); негизинен дыйканчылыкта, тамекичиликте эмгектенет. Орто мектеп, медпункт, балдар санаторийи (1985-ж. ачылган), тегирмен, майжуваз цехи бар.