БАЙРОН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:22, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_1-69_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙРОН Жорж Ноэл Гордон (22. 1. 1788, Лондон - 19. 4. 1824, Миссолунги, Грекия) - англия акыны, романтизмдин көрүнүктүү өкүлү. Кембриж ун-тин бүтүргөн (1808). Б. «Чайльд Гарольддун сапары» (1812-18), «Дон Жуан» деген поэмаларында өз заманынын маанилүү ма­селелерин козгоп, алдыңкы идеяларын даңа­залаган. «Гяур» (1813), «Корсар» (1814), «Лара»

(1814) аттуу поэ­маларында 19-к­дын башындагы коомдон безген, деспотизмге кар­шы чыккан, бий­ликке башийбеген бунтчул ж-а ин­дивидуалист каар­мандардын обра­зын түзгөн. Ал азаттык идеясына жан-дили м-н бе­рилип, ага бүт өмү­рүн, поэзиясын арнаган. Анын «Ман-фред» дра­малык поэмасы (1817), «Каин» мистериясы, «Ко­ло кылым» сатиралык поэмасы (1823) белгилүү. Б-дун «Шильондун туткуну» поэмасы ж-а бир канча ыры кыргыз тилине которулган.