БАЙТИК ӨРӨӨНҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:22, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_1-69_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙТИК ӨРӨӨНҮ Кыргыз Алатоосу м-н Боз­бөлтөктүн аралыгынан орун алган. Аянты 170180 км2. Уз. 18-20 км, туурасы 8-12 км. Деңиз деңг. орт. бийикт. 1100-1300 м. Жеринин бети

түз, чыгышты карай өрөөн бир аз бийиктеп, адырларга өтөт. Өрөөн негизинен шиленди тек­терден турат, чет-жакаларында неогендин кум­чополуу тоотектери жербетине чыгып жатат. Климаты мелүүн континенттик; январдын орт. темп-расы -4,8°С, июлдуку 17,9°С. Жылдык жаан-чачыны 520 мм. Өрөөндөн Аларча, Аламүдүн суулары агат. Жер астындагы суулары Бишкек ш-н камсыз кылат. Б. ө-нө ачык-күрөң топурактуу түркүн дан өсүмдүктүү ж-а шалбаа­луу талаа ландшафты мүнөздүү. Азыр баары ай­доого айланган. Б. ө-ндө Ташдөбө, Стрельникова, Байтик, Кашкасуу, Арчалы кыш. жайгашкан. Өрөөн аркылуу Бишкек ш-нан Аларча улут­тук паркына баруучу автомобиль жолу өтөт.