БАЙТУР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:22, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_1-69_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙТУР Анвар (1938, Кытай, Чыгыш Түркстан, Аксуу ш-нын жанындагы Боздөң кыш. - 1991) - кытайлык кыргыз тарыхчысы. 1953-ж. Аксуу ш-нда пед. окуу жайын (Дар ал-мугалимин), Үрүмчүдөгү Шинжаң ин-ту­нун тарых-география ф-тин (1956) бүтүргөн. 1956-жыл­дан КЭРде ар кыл ил. меке­мелерде иштеген. 70-жыл­дардын акырынан Пекинде­ги Кытай КП БКнын парт. жогорку мектебинде, Адис­терди кайра даярдоо борб. ин-тунда, Аз улуттардын борб. ин-тунда, Үрүмчүдөгү

Шинжаң ун-тинде ж. б. ЖОЖдордо иштеп, Кытайдагы элдердин өзара алакаларынын та­рыхы, Чыгыш Түркстан элдеринин тарыхы, кыргыз эл тарыхы, уйгур эл тарыхы б-ча лекция окуган. Кытай Коомдук ИАнын аз улут­тарды изилдөө ин-тунун доценти болгон. Кытайдагы О. Азия мад-тын изилдөө, Майда улут­тар тарыхын изилдөө, Байыркы элдердин ти­лин ж-а жазмасын иликтөө, Түрк элдерин изилдөө, Кыргыз тил, адабият, тарыхын изилдөө коом­дорунун мүчөсү. «Шинжаң менен ички өл­көлөрдүн тарыхый байланыштары», «Кыргыз адабиятынын жалпы абалы», «Кыргыз тарыхы лексийалары» сыяктуу эмгектердин автору. Осмоналы Сыдык уулунун эки эмгегин 1986-ж. «Мухтасар тарых-и кыргызийа» деген ат м-н бир китеп кылып чыгарткан.