БАЙЫРКЫ КЫРГЫЗДАР
БАЙЫРКЫ КЫРГЫЗДАР - байыркы кытай жыл баяндарында б. з. ч. 201-жылдан бери эскерилип келген түрк тилинде сүйлөгөн эл; Теңиртоодогу, Түн.-Батыш Моңголиядагы, Ички Азиядагы (лобнорлуктар, сары уйгурлар) түрк элдеринин байыркы түпкү теги. Кыргыздар тарыхый булактарда алгач хунн шанүйү Маодундун басып алуу саясатына байланыштуу кездешет. Маодун шанүй б. з. ч. 201-ж. Кытайга жортуул жасаардан мурда, өлкөнүн түн.-батышында жашаган беш мамлекетти, алардын арасында кыргыздарды басып алган. Бул окуя качан ж-а кайсы жерде өткөндүгү тууралуу так маалымат жок. Эгер хунндардын Кытайга жасаган жортуулун эске алсак, анда кыргыздардын Маодунга жеңилген мезгилин б. з. ч. 201- жылдан бир канча жыл мурун болгондугун белгилөө зарыл. Айрым окумуштуулар хунндардын Ордостогу мекенин эске алып, кыргыздарды Монголиянын түн.-батышындагы Хяргяс-нор, б. а. Кыргыз-көлүнүн айланасына жайгаштырышат. Бирок, мында Хяргяс-нор качан, кайсы окуяларга байланыштуу «кыргыз көлү» аталгандыгы белгисиз. О. эле кыргыздардын баштапкы мекенин Батыш Моңголияга чектөө тарыхый геогр. ж-а этногр. маалыматтарга дал келбейт. «Хань тарыхынын» («Хань шу») автору, Бань Гунун маалыматы б-ча хунндардын шанүйү Чжичжи б. з. ч. 49-ж. усундарды талкалап, андан соң түн. тараптагы уцзелерди баш ийдирет. Алардан кошуун курап, батыш тараптагы цзянькундарды (кыргыздарды) талкалайт. Кийин аларга түн. жакта жайгашкан (уцзе ж-а кыргыздардын) динлиндер баш ийет. Чжичжи өз ордосун кыргыз жергесине орнотуп, усундарга каршы кыргындуу жортуулун улантып турган. Ал эми хунндардын хан ордосу кыргыздардан чыгышка 7000 ли, Чеши болсо түштүктү карай 5000 ли аралыкта жайгашкан. Соңку чыгыштаануу иликтөөлөрү б-ча, кыргыз жергеси Дзосотын-Элисун чөлү м-н Боро-Хоро кыркатоо аймагында орун алган. Чыгыш Түркстанда кыргыздар түрк тектүү чөйрөгө аралашкан ж-а ал алака кытай жылнаамалары «Чжоу шу», «Бэй ши» ж-а «Суй шуда» белгиленген. Биринчи уламыш б-ча түрктөрдүн ата-бабалары чоң саздын жээгинде жашап турган чагында, коңшу уруулар тарабынан кыргындалып, андан оор жарадар болгон он жашар бала аман калат. Баланы ачкалыктан сактаган, кийин анын аялы болгон канчык карышкыр имиш. Карышкыр кийин аны душмандан коргоп кала албай, өзү Гаочан (Турпан - М. К.) тоосунун түн. тарабына качып барган экен. Карышкыр баягы өлгөн баладан он уул тууйт. Балдар эр жетип гаочандык кыздарга үйлөнүшүп, өзалдынча урууга бөлүнөт. Алардын биринин аты Ашина болгондуктан анын уруусу ушул ысымда аталып калат. Ашина бир туугандарына караганда жөндөмдүү болуп, жаңы тайпанын колбашчылыгына дайындалат. Уруулар көбөйүп, саны бир канча жүзгө жетет. Ашина тукумунан чыккан Асянь шад бөрү уруусун Гаочандан Алтайга көчүрүп келет. Ошентип алар Алтай тоосунун жерг. аталашына жараша түрк аталып калат. Экинчи уламыш б-ча, түрктүн ата-бабалары Со ээлигинен чыккан. Тайпанын жолбашчысы Апанбунун он жети биртууганы болуп, алардын бири Ичжинишиду бөрүдөн туулат. Со ээлиги душман чабуулуна кабылып, уруулар бириндеп тарап кетет. Ичжинишидунун сыйкырдуу жөндөмдүүлүгүнөн улам, анын уруусу кыйла жакшы абалда калат. Анын шамал чакырып, күн жаадырчу жайчылык жайы болуп, эки аялы бар экен. Бири жаз кайыптын кызы, экинчиси кыш кайыптын кызы. Биринчи аялдан төрт уулу болуп, бири «аккууга» айланат, экинчи баласы Цигу аталып, Афу-шуй ж-а Цзяньшуй (Абакан ж-а Кем, б. а. Енисей) аралыгында бийлик жүргүзүп калат. Үчүнчү уулу Чжучжеде жашап, ал эми улуу уулу Нодулу шад Цзянсы Чжучжеге көчүп келет. Нодулу шадга Апанбунун уруусу кошулат. Нодулу шаддын он аялы болуп, алардын балдары өз энелеринин ысмында урууларга бөлүнгөн. Эң кичүү аялынан Ашина болгон. Нодулу шад өлгөндөн кийин, салтка ылайык анын балдары уруу башчыга шамдагай, эр жүрөк, баатырды тандап шайлаш үчүн сынакка түшүшөт. Мелдештен Ашина жеңип, жолбашчы болуп, Асянь шад деген жаңы ысым алат. Н. А. Аристовдон тарта ушул түрк уламыштарына кайрылган С. В. Киселев, Л. Р. Кызласов, С. Г. Кляшгорный, Л. П. Потапов ж. б. окумуштуулар, андан тарыхый окуяны чагылдырган тарыхнаамалык өзөктү баамдап, эки уламыштын уңгусу бир экендигин белгилешкен. Түрк уламышынын түпкү жандырмагында дагы үч элдин тарыхы жатат. Алар уламышта так айтылган цигу - кыргыздар, «аккуу» тобу кыпчактар ж-а Чжучжеге көчүп келген ашиналардын туугандары теле-огуздар. Теле темасына кайрылган окумуштуулар түрк тилинде сүйлөгөн уруулардын баштапкы жазылышы Сһіһ-1е кийин Тіпд-1іпд (динлин) болуп өзгөрсө керек деп боолгошот. 3-4-к. телелер кытай жазма булактары б-ча «гаогюй», б. а. бийик арабалар аталып жүрүштү. Ал эми 6-к-дан тарта кытай даректери аларды теле (түркчө тегрен «араба, унаа») деп атай башташты. 605-ж. Батыш түрк каганы Чурын телелердин жүздөгөн уруу башчыларын кыргандан кийин, алар экиге бөлүнүп, бири Чыгыш Түркстан ж-а Алтайда «бага каган» аталып, анын экинчи бөлүгү уйгурлар болсо Түн. Моңголияда орун алып, кытай даректери б-ча «тогуз-уруу», руникалык эстеликтерде тогуз-огуз деп жазылып калат. Кытайдын «Вэй шу» жазмасында «Гаоцюйлар, кыязы, байыркы чигилердин бир бутагы болсо керек, адегенде алар дили аталып, түн. жактагылар аларды чилэ дешсе, Кытайда болсо - гаоцюй динлин (бийик арабачан динлиндер) деген ат менен маалым»,- деп кабарланат. Канткен м-н динлин - теле-огуз байланышы тарыхый чындык болсо керек. Эгерде бул жобону туура көрсөк, анда алар м-н кыргыздардын баштапкы этникалык алакасы табылат. 7-к-дын башталышында Ли Янь Шоу тарабынан жазылган «Бэй ши» ж-а Вэй Чжен (VII к. башы) жазган «Суй шу» тарыхындагы маалыматтар б-ча кыргыздар теле уруу конфедерациясынын курамында Чыгыш Теңиртоо аймагында кездешет. Анда «телелердин бабалары - сюннулар. Уруулар аябай көп. Иунун батышында, Яньцинин түн. тарабында, Байшандын айланасында циби, боло, чжи, де, субо, хэгу, едеу, жиху ж. б. жашашат» деп кабарланат. Кытай жылнаамасында «хягас (кыргыздар) бул байыркы гянь-гунь мамлекети. Калкы динлиндер менен аралашып кеткен» деп айтылат. Белгилүү археолог Д. Г. Савиновдун пикири б-ча, эгерде динлиндер теле болсо, анда байыркы түрк доорунда ал катмардан - сеяньто, уйгур ж. б. окшогон түпкүлүктүү элдер пайда болмок. Болжол м-н б. з. 460-ж. кыргыздар түрк тилдүү теле, түрк уруулары м-н чогуу Чыгыш Түркстандан Борб. Азиянын түн.-чыгышына жер которгон. Түрктөрдүн уламышында көрсөтүлгөндөй алар өзалдынча жер алышып, ал аймактарда өздөрүнүн мамлекетин түптөшкөн. Кыргыздарга Түш. Сибирь аймагы туш келип, мында алар өз алдынча кагандык болуп, өнүккөн мамлекет деңгээлине көтөрүлө алыш кан.
Ад.: Бичурин Н. Я. Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. М.; Л., 1950. Т. I; Худяков Ю. Кыргызы на просторах Азии. Б., 1995. М. Кожобеков.