БАКАЙ-АТА РАЙОНУ
БАКАЙАТА РАЙОНУ (1992-ж. чейин Л е н и нп о л ь р а й о н у) Талас обл-нда 1936-ж. уюшулуп, 1953-ж. Талас р-нуна кошулган. 1977-ж. кайрадан Ленинполь р-ну болуп түзүлүп, 1992-жылдан азыркыдай аталат. Чыгышынан Талас, батышынан Карабуура, түштүгүнөн Токтогул, Чаткал (Жалалабат обл.), түндүгүнөн Манас р-ндору м-н чектешет. Аянты 2,3 миң км2. Калкы 41,3 миң (2004). Райондо 9 айыл өкмөтү, 19 кыштак бар. Борбору - Бакайата (мурдагы Ленинполь) кыш. Район Талас өрөөнүнүн борб. бөлүгүнөн орун алган. Түштүгүндө Талас Алатоосу (эң бийик жери Күмүштак чокусу - 4251 м), түндүгүндө Эчкилитоосу (2500 м) жатат. Кен байлыктары: күмүш, мрамор, акиташ теги ж. б. Климаты континенттик, июлдун орт. темп-расы 20°С, январдыкы -6...-10°С. Жылдык жаан-чачыны 300 мм. Ири суулары: Үрмарал, Талас, Күмүштак. Өрөөнү боз, тоо бөлүгү күрөң топурактуу. Тоо бөлүктөрүнө ландшафттын бийиктик алкактуулугу мүнөздүү. Кургак талаа, талаа ж-а шалбаа өсүмдүктөрү басымдуу. Райондо облустун калкынын 19,6% (2004) жашайт. 2003-ж. калктын төрөлүү деңгээли 31,1%о (облуста - 27,5%), өлүм-житим - 6,7% (6,7%), табигый өсүш

25,0%они (20,6%о) түзгөн. Райондун калкынын 43,7% эмгек жашына чейинкилер, 48,1% эмгек жашындагылар ж-а 8,2% эмгек курагынан өткөндер. 2003-ж. райондогу эмгек курагындагы калктын 80,0%ке жакыны эмгектенип, анын 76,3% а. ч-нда, 7,7% билим берүүдө, 3,0% саламаттык сактоодо, калгандары соода, транспорт, байланыш ж. б. тармакта эмгектенген.
Калкынын көбү кыргыз (98,4%), о. эле орус (0,6%) ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Орт. жыштыгы 1 км 2ге жерге 18 киши.
Райондо мал чарбасы ж-а дыйканчылык (а. и. буудай, төөбуурчак, канткызылча) өнүккөн. А. ч-га жарактуу жери 131,6 миң га, а. и. 23,5 миң га сугат жер, айдоо 23,0 миң га (а. и. сугарылып айдалуучу жер 22,9 миң га), көп жылдык дарактар 520 га (а. и. сугатка жарактуу 510 га), чабынды 85 га, жайыт 108,0 миң га (а. и. сугарылма жайыт 143 га; 2004). Дан ж-а төөбуурчак (2003-ж. 44,7 миң т), картөшкө (37,0 миң т), жашылча (10,8 миң т), канткызылча (29,0 миң т) ж-а тоют өсүмдүктөрү өстүрүлөт. 2003-ж. 9,5 миң уй, 89,6 миң кой, эчки, 4,8 миң жылкы, 25,9 миң үйкушу болгон. 2003-ж. тирүүлөй салмакта 5,2 миң т эт (облустун 20,9%), 17,1 млн т сүт (22,7%), 2,7 млн даана жумуртка (17,3%), 306 т жүн (26,2%) алынган. Кыш з-ду, бир нече тегирмен, май чыгаруучу чакан цехтер, а. ч. шаймандарын жасоочу ж-а оңдоочу чакан устаканалар иштейт. 2003-ж. райондо 1,5 млн сомдук (облустун 0,5%) өнөржай продукциясы өндүрүлгөн. Аймагынан Талас - Тараз (Казакстан) - Бишкек, Тараз (Казакстан) - Талас - Өтмөк - Суусамыр - Бишкек автомобиль жолдору өтөт. Автомобиль транспорту м-н 112,8 миң т жүк (облустун 13,1%) ташылган; жүргүнчүлөрдүн жүгүртүлүшү 20,1% млн км жүргүнчү.
Райондогу 18 орто, бир башталгыч мектепте 862 мугалим иштеген. Он бир балабакча, 18 клуб, мад-т үйү, көркөм сүрөт музейи, 30 китепкана, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар. Эки оорукана, 2 амбулатория, 16 ФАП, үйбүлөлүк дарыгерлер тобу иштейт. 1939-жылдан райондук «Айыл жарчысы» гезити кыргыз, орус тилдеринде чыгат. А Мырзаев.