БАКИРОВ Насипбек

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:22, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_1-69_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАКИРОВ Насипбек (7.9. 1936, Чүй обл., Москва р-ну, Акбашат кыш. - 28.11.2003, Бишкек) - геогр. илимд. кандидаты (1974), проф. (2002). 1958-ж. КМУнун география ф-тин бүткөн. 1958- 63-ж. мектепте мугалим, 1967-жылдан КМУнун география ф-тинин окутуучусу, 1984-жылдан кафедра башчысы, профессору болуп эмгектенген. Б.- экон. ж-а социалдык география б-ча адис, 150дөн ашуун ил. ж-а методикалык эмгектердин, а. и. 4 монографиянын, 4 окуу китебинин автору. «Кыргыз Республикасынын географиясы» окуу китеби үчүн (авторлош) КРдин Илим жана техника б-ча мамл. сыйл. татыктуу болгон (2000).
Эмг.: Чүй өрөөнү. Ф., 1995; Дүйнөнүн экономикалык жана социалдык географиясы. Ф., 1999.