БАКЛАЖАН
БАКЛАЖАН (Боіапит теіопдепа) - ит жүзүмдөр тукумундагы көп жылдык өсүмдүк. Сабагы катуу, бийикт. 1 м ден ашат. Жалбырагы чоң, гүлү манжа сымал, топгүлү жалгыздан же чогулган,

тары эгилип, 18-к-дан гана өңү кызгылтымкөк. Мөмөсү алмурут сымал сүйрү, салм. 0,4-1 кг, ар кандай түрдө ж-а түстө. Б. жылуу ж-а нымдуу жерде жакшы өсөт. Жапайы түрү Түш. Азияда (Индия, Бирма) кездешет. Европада адегенде дары өсүмдүк катамакка колдонулган. Тропик ж-а субтропик алкактарында, КМШ өлкөлөрүндө - Закавказье, Украина, Молдова, О. Азияда айдалат. Курамында кант, май, кальций тузу, фосфор, темир бар. Кырг-нда эгилүүчү негизги сорттору: Деликатес-163, Дон-14, Симферополь-105. Зыянкечтери: талаа канталасы, ийин чегирткеси ж. б. Илдеттери: кургак чирик, фитофтороз, солуп калуу.