БАКТЕРИОФАГДАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:22, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_1-69_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАКТЕРИОФАГДАР , ф а г д а р (бактерия ж-а гр. рһадоз - жеп-жуткуч) - бактерия вирустары. Алар бактерия ж. б. микроорганизм клеткала­рын ажыратып-бузуп жабыркатат. Бул кубулуш­ту 1-жолу 1898-ж. орус микробиологу Н. Ф. Гамалея байкаган. «Б.» терминин Ф. Д’Эрелль киргизген (1917). Б. таякча түрүндө, тоголок баштуу. Башы белоктуу кабыкча м-н, таякчасы көңдөй өзөктөн туруп, жыйрылтуучу булчуң сымал белоктуу кабыкча м-н капталган ж-а учунда тикенчелүү базаль пластинкасы болот (бул Б-дын ээсинин клеткасында жүрүүчү адсорб­цияга таасир этет). Алар адам, жаныбар ичеги­синде, өсүмдүк, топурак, кык, көлмө ж-а агын сууда, патогендүү, сапрофит бактерияларда болот. Айрымдары бир гана түрдү (монофаг), кээ­си микроорганизмдин ар кандай түрүн (полифаг) эритет. Айрым фагдар жугуштуу оору (дизентерия, келте, холера, чума ж. б.), ылаңдар­ды дарылоо ж-а алдыналуу, ылаң козгогучтар­ды диагноздоо, эпидемиялык анализ жүргүзүү, о. эле өсүмдүк илдеттерине каршы күрөшүүдө да папдаланылат. Б. мол. биологияда гендин структурасын изилдөөдө, мутациянын мол. механиз­мин, ген. кодду чечмелөөдө пандаланылат.