БАКТРИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:22, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_1-69_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАКТРИЯ , Б а к т р и а н а - Амударыянын ортоңку ж-а жогорку агымындагы байыркы тарыхый аймак. Азыркы Өзбекстан м-н Тажик­стандын түш. ж-а Афганстандын түн. обл-та­рын камтыган. Б-нын түндүгү Согд аймагы, түш­түгү ж-а түш. -чыгышы Арахосия ж-а Гандхара, батышы Маргиана м-н чектешкен. Б. - О. Азиядагы дыйканчылык мад-тынын ж-а мамле­кеттүүлүк келип чыккан цивилизациянын байыркы борборунун бири. Бактра анын негизги шаары болгон. Б. з. ч. 6-4-к-да Б. Ахемениддер державасынын, андан соң Александр Маке­донскийдин империясынын курамына кирген. Анын империясы кыйраган соң Б-нын аймагында Грек — Бактрия падышалыгы түзүлгөн. Ки­йинчерээк Б. ж-а Согд аймагында тохар уруу­лары тарабынан негизделген Кушан падышалыгы түптөлгөн. Тохарлардын атынан бул аймак кийин Тохарстан аталып калган. Б. - Азиядагы байыркы көркөм мад-ттын өнүккөн борборунун бири. Мындан жерг. ж-а алынып келин­ген көркөм буюмдардан турган Амударыя казынасы (б. з. ч. 4-2-к) табылган.