БАЛА-САРЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:22, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_1-69_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛАСАРЫ — Талас обл-нун Манас р-нундагы кыштак. Покровка айыл өкмөтүнө караштуу. Талас суусунун боюнда, деңиз деңг. 863 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Покровка кыш-нан 5 км түш. тарапта, Жам­был темиржол бекетинен 34 км. 1910-ж. оту­рукташкан. Калкы 1479 (2006); негизинен таме­кичиликте эмгектенет. Негизги мектеп, ФАП, китепкана, мончо бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургу­зулган.