БАЛАТОН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:22, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_1-69_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛАТОН - Венгриядагы көл. Орто Дунай түздүгүндө, Баконь тоосунун түш.-чыгыш эте­гинде. Тектон. процесстин таасиринен пайда болгон. Аянты 598 км2, уз. 77 км, тереңд. 11 м ге чейин. Жээги негизинен жапыз, айрым бөлү­гү саздуу. Көлдөн Шио д. агып чыгып, Дунай

Балатон көлү.

д-на куят. Кеме жүрөт. Балык кармалат. Б. көлүнүн айланасында белгилүү курорттор көп. Жээгинде Шиофок, Кестхей ш. жайгашкан. Тихань ландшафт коругу, Кишбалатон резерваты бар.