БАЛБАЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:22, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_1-69_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛБАЙ , С а р ы б у л а к - Ысыккел обл-нун Түп р-нундагы кыштак. Сарыбулак айыл өкмөтүнө караштуу. Ысыккөл өрөөнүнүн түн.-чы­гышында, Түп булуңунан түндүгүрөөк, Балыкчы - Каракол автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңг. 1690 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Түп кыш-нан 9 км түн.-батыш тарапта. Балыкчы темиржол бекетинен 178 км. 1890-ж. отурукташкан. Калкы 2116 (2005); не­гизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мек­теп, балабакча, медпункт, китепкана, турмуш­тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү, соода борбору бар. Бугу уруусунун белгилүү манабы Бал­байдын ысымынан аталган.