БАЛГЫН
БАЛГЫН , т а м а р и к с (Татагіх) - жылгындар уруусундагы бадал, чала бадал, майда дарак. Сабагы кыска, катуу түк м-н капталган. Жалбырагы кабырчык (түрпү) сымал, майда, үстү туз чыгаруучу бездер м-н капталган. Гүлү ак, кызгылт, майда, эки жыныстуу, топгүлү ичке машакка чогулуп, сеңселген чачыны пайда кылат. Желекчелеринин саны 4-5, күлгүн кызыл. Кайчылаш чаңдашат. Кутуча мөмөсүнүн уз. 1,8 мм, 3-5 кырдуу пирамидадай, учу 3 бөлүктүү, көп уруктуу. Уругу майда. Калемчелеп көбөйтүүгө болот. Кооз, туздуу жерге чыдамдуу өсүмдүк, талааны коргоодо, токой аянтын кеңейтүүдө пайдаланылат. Көп жылдык. Балдуу, ашаткыч касиетке да ээ.